шум

китептерде 128 жолу, 10 китепте
  1. Айлакер, амалкөй, куу, митаам, алдамчы.
  2. Жагымсыз, суук, жамандык жагына туура келген.
  3. өт. Тентек, шайтандуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оодармалуу шум дүйнө, / Оодарылган бир күндө, / Олжого келген Айчүрөк, / Толтойдун уулу Кыйазга, / Баш боолуу болуп бир күндө, / Баш байланган Гүлчоро, / Как далыдан тештирген, / Кечир сөөгүн кестирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эстен танып Айжаңжүн, / Кой эти бышым сандалып, / Көзүн ачып караса, / Топурак басып, тунарып, / Тийген күн жок кылайып, / “Бурут жаман шум экен, / Кыйкырыгы бул экен, / Алооке калдай, Дөөкандар, / Коркору мындан чын экен, / Коркору мындан чын экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карансыз дүйнө шум жалган, / Башым жерге киргенче, / Тизем жерге тийгенче, / Тим эле кантип берем — деп, / Канкор Манас баатырдын, / Катын, бала бүлөөсүн, / Кармап турсам керээз — деп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: "Бул келин өзү сулуу болгону менен акылы ашкан шум келин экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →