шукшур

китептерде 33 жолу, 6 китепте
  1. Канатын жыйып төмөн карай сайыла түшүү, качырып кирүү (жырткыч, алгыр куштарга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атасынан ашырып, / Уулу Сейит бир барып, / Күн батыштын элинен, / Хан Сулаймат, Карадөө, / Алыке менен Шатыке, / Шукшурма менен Суктанма, / Калыбектин хан Калча, / Азыркы жүргөн бендеден, / Кара тоодой бир барча, / Кара аскерден санак жок, / Жөө тумандай сан канча, / Карадөөнүн ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Суктанма менен Шукшурма, / Алыке менен Шатыке, / Калыбектин хан Калча, / Баарысы дөөнүн балдары, / Кутулуп бирөө калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үч жашка чыккан кезинде, / Тун кызын алды Шукшур дөө, / Экинчи кызын бир жашта, / Тартып кетти ушул дөө, / Андан кийин тууганын, / Арадан кырк өткөрбөй, / Алып кетип туруптур, / Жылда тууса, жылда жок, / Кайыпчал менен катыны, / Куу бөрүдөй улуптур, / Жетинчи бала тууларда, / Акыл ойлоп туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шукшурма менен Суктанма, / Акым, Шакым балдары, / Карала аттуу калча бар, / Андай дөөдөн калча бар, / Кызыл кумда беттешип, / Кыйамат кетти канча хан, / Сан-санаксыз кырылып, / Түгөнүп кетти канча жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →