шоңшой
- Сороюу, шоңшогой тартуу, шуштуюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Биздин алдыбызда гана келип түшүп жаткан он-он беш эшектүү кашкарлыктардын үстүнө камала-самала кирип барып, үңкүрдүн бир четине алачыкты шоңшойто койдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Көк-Теректен чыккандан бери же кадимки казак, кыргыздын шоңшойгон боз үйлөрүн же бир таранчылардын дүкүйгөн багын көргөн жок элек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз жакындай бергенде, баягы сарайчыңын жанынан шоңшоюп, дагы бир-эки боз үй көрүндү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →