шороло
- Көздөн шоролуу жаштын агып турушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…агып буртулдап, / Толкуну катуу дүркүрөп, / Мас буурадай күркүрөп, / Каары чыгып жүзүнөн, / Жалын чыгып көзүнөн, / Жан айабай кириптир, / Жайылданып алыптыр, / Шоролонуп көзүнөн, / Токтобой жашы агыптыр, / Тоодой болгон чоң Соксо, / Токтолбой жетип барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Караса Сыргак көкжалды, / Кабагынан кар жааган, / Эки беттин үстүнөн, / Найзадай түктөр саксайган, / Мурутуна муз турган, / Алмамбет, Чубак эсинде, / Муңайып көңүл бузулган, / Шоролонуп эки көз, / Түбүнөн кайнап өрт жанган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →