шордуу

китептерде 27 жолу, 8 китепте
  1. Шору көп, туздуу.
  2. өт. Шору каткан, азаптуу, байкуш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдыбызда бир көл бар, / Суусунда шордуу уусу бар, / Адам ичпе, ат ичпе, / Ичкен жандын баары өлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…нын келгенин, / Чойтолоңдун кептерин, / Угуп турган “кыз” барып.) / Тапан ханды бир карап, / Кеп баштады кара жаак: / — Төкөр тайак тайанат, / Элимен азган мен шордуу, / Тайакчалык болот деп, / Сени келдим мааналап, / Хандыгыңды кадырлап, / Кара башым тартуу деп, / Өзүмдү койдум саа арнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Башындагы чачынан, / Таманынан батекти, / Такыр тинтип карады, / Керимбайдын көзүнчө, / Суучулун кошуп өзүнүн, / Беш шордууну кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аккуу болуп учканда, / Чоң энем Чүрөк адаты, / Каныкей, Бакай, Чүрөктүн, / Ааламга даңкы тарады, / Не жараттың, кудурет, / Мендей шордуу баланы?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эми мендеги шордууларына келгенде, мунун бир карындашы аяк бошоткондон башкага жарабайт... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →