шордо
- Шору катуу, азап тартуу, кыйналуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалганын-чынын билүүгө, / Жайын айтып үй-жайдын, / Мадананы жумшады: / — Мадана ага, бар, — деди, / Мен айтамын далай кеп, / Чыгарбай эске ал, — деди, / Эңиш тартып, жол басып, / Маңдайдан шордоп тер агып, / Көп жапаа менен барасың, / Бадырайга дандуу үй, / Айылды көрүп табарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кымызын чайкап бал ичип, / Өз үйүңдө жай жатсаң, / Көтөрүп тууну түшүрүп, / Көбүк кардай ак шордо, / Күүлдөгөн Отордун, / Көөдөндөн канын агызсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Падыша Манас, хан Шоорук, / Оргуган шордо туш болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Жарасы зилдеп зыркырап, / Ичине түшүп кан уйуп, / Калган белем, — деп, / Бузулуп турат өңдөрү, / Буулугуп турат үндөрү”, / Деп ойлонуп сыйкыр кул, / Башын өөдө көтөрүп, / Кеп баштарга калганда: / — Мен Куткарбас болголу, / Бүгүнкүдөй бир шумдук, / Өмүрүмдө болбоду, / Жаагым ылдый тер кетип, / Маңдайым кебер шордоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айасаң Чүрөк кызыңды, / Кайнаган кара шордосуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →