шорголо
- Чубуруп агуу, чубуруп, токтобой куюлуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Оро-пара көп дөбөт, / Айрыкчасы көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу менен жер сайып, / Мурдунан каны шорголоп, / Жаныңда калбай жалгыз ит, / Маңгыттардын тобуна, / Качып кирди корголоп, / Элкиндей басып Майтору, / Кетип барат жорголоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эртең менен болгондо, / Эшикке чыккан киши жок, / Мойнунан жамгыр шорголоп, / Талаага чыкпай корголоп, / Ушул түнү шам менен, / Жаабай жамгыр токтолот, / Эшикке чыкса айкөлүң, / Мыдыр эткен киши жок, / Кызыл түлөө кезинде, / Кыйын жаа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылычты тартып алганда, / Шорголоп канын куйултуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Атасы күндүн ысыгына какталып тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп бара жаткан экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →