шоола

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Нур, жарык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таң шооласы агарып, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жандын баары мыдырап, / Таң атты деп үн салып, / Молдо торгой быжырап, / Салкын жел согуп абадан, / Айтумуш менен Чынгыш хан, / Аттанды баш-аламан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— деп, / Кыраан Манас баатырдын, / Кыйыгына калармын, / Кыйаматка барганча, / Кылайган тешик шоола жок, / Туйугуна калармын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Астыртан киши жиберип, / Аскерди жолго салыптыр, / Тапан хан менен шумпай кыз, / Таң шооласы убакта, / Куткарбаска барыптыр, / Кур кайратка семирип, / Кубанып булар калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Элчи кирер эшик жок, / Кылайган шоола тешик жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деди Бурмаке кемпир, алаканын күнгө далдаалап, көзүнүн болор-болбос шооласы менен жасоолго шыкырайып туруп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →