шоодура

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Шамал соккондо шуудурагансыган дабыш чыгаруу (камышка же башка өсүмдүктөргө карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дүрүйө көйнөк шоодурап, / Караса көзү жоодурап, / Аркардай басып чойулуп, / Алагар көзү койулуп, / Агеркеч жетип артынан, / Буларды айтып таңшыган: / — Ач арстан, жолборстой, / Атка минип алыпсыз, / Арзан жумуш болбостой, / Айрылыш жолго салыпсыз, / Атадан бала таранчу, / Ардыгып кайда баруучу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шоруктун кызы Акылай, / Шоодураган капырай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Карагай, кайың, тал, терек, / Бороон, шамал урса да, / Шоодурабай дарак, таш, / Тилден калып унчукпай, / Дымыгып кетти кара жер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →