шолокто
- Шолок-шолок этип ыйлоо, көзүнүн жашы токтобоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
төрт жылдай көрүндү, / Эми кандай кылар, деп, / Көзүнөн жашы төгүлдү, / Санаасы санга бөлүндү, / Эки күн эки түн өттү, / Коросон менен испандык, / Ыйлап жатып шолоктоп, / Көзүнүн жашын түгөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Керимбай, / Кыйла-кыйла кеп айтып, / Шолоктоп ыйлап калп эле, / Көзүнөн жашын тыйа албай, / Каңырыктап бир далай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көзүнүн жашын имерип, / Тууганымды таптым, деп, / Шолоктоп ыйлап жиберет, / Ичинде турат Сомбилек, / “Кектүүнүн баарын таптым, деп, / Окмогой менен Чокмогой, / Жер кучактап жаткын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— деп Бурмаке мындан бетер шолоктойт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →