шоктон
- Тентектик кылуу, шоктук кылуу, оюнкарактануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтышкан сөздөн бузулуп, / Ата-баба кубаар сан, / Биз жаза баскан киши эмес, / Тынч алып жатпай үйүңө, / Кыдырдың жердин түбүнө, / Коросонду козгодуң, / Козгоп койуп кош болдуң, / Ооганды барып ойготтуң, / Уйкусун ачып оогандын, / Оголе кыйын шоктондуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тосор туулга жок болду, / Көзөл Көкчө оштонду, / Баштакыдан беш бетер, / Белсенип баатыр шоктонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тазкара турат шоктонуп, / Тапактын атын Тазкара, / Кармап келди чуу койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…е жок болду, / Коркуп барбайт экен, деп, / Жалгызек үч күн токтолду, / Беремин деп айткан мал, / Баары келип топтоду, / Кырк үйлүү Калча бүт кедей, / Сүйүнүшүп шоктонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Абышка айтып токтолду, / Коромжу атын укканда, / Кайран бала шоктонду, / Тынымкан сулуу, дегенде, / Жүрөгү жалын чок болду, / Баатырдын уулу Сомбилек, / Сөзүн баштап козголду: / — Чоң атабыз карыйа, / Жолугуштук талаада, / Бар сырың айткын жашырбай, / Мендей жүргөн балага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →