шок

китептерде 78 жолу, 9 китепте шок (1) →
  1. Тентек, шайкелең, оюнкарак, шайтандуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Серпкен кашын билген жок, / Кубатай кирди оозу шок: / — Арага түшкөн сен кимсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Эркек бала шок болсун, / Шок болбосо жок болсун”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балбандарың баары кыл, / Душманга колу шок эле, / Даа тутуп душман келе албай, / Жалындап турган чок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кылдат мерген Гүлчоро, / Жаага кыйын, колу шок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →