шодоңдо

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Өңгүл-дөңгүл желүү, сороң-сороң этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жөө кишиге тарттырган, / Экинчи Лама болгондор, / Элдин алып мал-пулун, / Шок дүйнөгө тойгондор, / Шодоңдошуп жөө басып, / Чапан менен теспеси, / Жер чийип барат чубашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өкүмсүгөн айбандын, / Өпкөдөй бети бышарып, / Тарамышын чырайтып, / Бүтүн жердин бетине, / Жан койбостой кыйратып, / Алдымда минген көк качыр, / Шодоңдотуп куйругун, / Артынан чаңын чубалтып, / Катуу кирди бул каапыр, / Каарданып көгөрүп, / Кабаттап кара темирден, / Туулганы чөмөрүп, / Алты кулач сом темир, / Алды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →