шодой

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жалбырак бутагынан ажырап, жылаңачтанып калуу, узун, ичке көрүнүү.
  2. Арык, узун (адамга карата).
  3. өт. Жалгыз, канат-бутаксыз калуу, бардыгынан ажыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир колу жок чолойуп, / Жерден суурган казыктай, / Манжасы жок шодойуп, / Бадала манжуу ардыкты, / Сол колу менен тап берип, / Жакадан алды Асылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Мына ошончо каптаган бүлөдөн өлгөнү — өлүп, тирүүсү тирүүлөй калып отуруп, бүгүн шодоюп Беккул экөөбүз гана кайтып барабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →