шишик
- Дененин оорудан, урунуу, согулуу сыяктуу башка кырсыктардан улам шишип, чыңалып көөп кеткен, томпоюп калган жери; шишип кетүү илдети.
- диал. Шишик ооруга дары катары колдонула турган көп бутак алып 20–25 см өсө турган өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ум үйдөй башы бар, / Эки бети болтогой, / Эки даңгыт тойгондай, / Мойну жоон букуйуп, / Далысы дүмдүк дукуйуп, / Төө кенедей кулагы, / Белгиси турат мулуйуп, / Шишик баскан немедей, / Булчуңдары дулуйуп, / Бели кыска тууралжын, / Уйуткандай тулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…үт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан куурай бирсалар, / Шишикке дары табылбай, / Өпкө оорунун дарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деп, / Абаң Бакай ошондо, / Арыштай басып жетиптир, / Көзөөнүн чети көрүнүп, / Шишик басып кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жошологон желектей, / Башы турат чулуйуп, / Шишик басып кетиптир, / Кулагы жок мулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
жанына, / Көп кийикти жарышты, / Бутун баатыр чырмады, / Жарасы күчөп ырбады, / Он беш күн өткөн кездерде, / Билбей калды сынганды, / Күндөн-күнгө жоонойуп, / Шишик басып чыңдалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →