шиши
- Шишикке айланып, чыңалып көөп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүнбөйсүң деги, — деп / Көптөп кетти мени,- деп / Жошологон челектей, / Баш шишиген андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тарттырбасам жел кирбей, / Оорубай да, шишибей, / Турбайт беле падышам, / Эбеп берип ичиңден, / Себеп чаап тышыңдан, / Как бир айда жеткирсем, / Таласка сени ушундан; / Куну дары бар эле, / Каныкейдин колун…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Булбулдай сайрап таңшыган, / Балаң бардыр бириңдин, / Эки көзүн шишитип, / Эртеден кечке ыйлаган, / Энең бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Он эки жыл зор Бакай, / Керүүгө салып төө бакты, / Унаа минбей жөө бакты, / Ыйлап жүрүп сени деп, / Муштумдай көзү шишиди, / Аарчый албай чылпакты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чоң атамды сойуптур, / Катынын жесир койуптур, / Атамдын аты Мадыкүл, / Жалгыз көз атка конуптур, / Манастын уулу Семетей, / Атамды аймап соруптур, / Кардыгач берген чоң тойдо, / Тайторуну суратсам, / Сейтеги бербей койуптур, / Ушул бүгүн ойлосом, / Кыргыздын шиши толуптур!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →