шиш

китептерде 43 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени саюу, көсөө үчүн учу ичкертилген учтуу темир же жыгач.
  2. Үй буюмдар отко түшпөс үчүн боз үйлөрдөгү очоктун четине төр жакты тосуп кагып койгон майда казыктар.
  3. Учтуу, учу ичке келген; учталган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аз эле жылдын астында, / Каңгайлар айдап жүргөндө, / Таманыңа шиш кагып, / Куйкаңды карыш тилгенде, / Ыштаныңа сийдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Таласка барат томсоруп, / Алтымыш илек кол болсо, / Анда-мында олтурган, / Көчмөн кыргыз эл болсо, / Аз болбосо мол болсо, / Андай сонун иш болсо, / Уугуңду шиш кылат, / Унуткусуз иш кылат, / Мурдуңду тилип туз куйат, / Мурутуңду жулбайбы, / Өз билгенин кылбайбы, / Кымызга сууну куйбайбу, / Кызыңды катын кылбайбы, / Кы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки колуң байлатып, / Жаза кылып айдатып, / Куйкаңды тилип туз куйуп, / Таманыңа шиш кагып, / Унутулгус иш кылып, / Бүтүрөйүн ишиңди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кымызына суу куйуп, / Унуткус бир иш кылып, / Уугун учтап шиш кылып, / Унун күлдөй сапырып, / Сыймыгын баштан качырып, / Ушундай кылып тынбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ата-энең кое бер, убал болот десе, убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу деп, шишкебек кылуучу элең, ии ошону эми көргөнүң! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →