ширин

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Таттуу, даамдуу.
  2. Кызыктуу, уккулуктуу, жагымдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…арадай сары аты бар, / Жыйырма беште жашы бар, / Он сегиз кез бойу бар, / Бул ааламдын баарысын, / Бийлесем деген ойу бар, / Жылдыздай кызыл көзү бар, / Балдан ширин сөзү бар, / Керкөкүл кабар салабыз, / Керкөкүл колун алабыз, / Келишип Бейжин барабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитти көрсө көздөрү, / Өтө ширин жагымдуу, / Сейитинин сөздөрү, / Кылгылыкты кылбайбы, / Ураан тартып чуркурап, / Сейитти карай жылбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кызыл нурлуу жүзү бар, / Алмадан ширин сөзү бар, / Жалындан кызыл көзү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Келе жаткан кези экен, / Оролуп кара тоо менен, / Кыргызды талап алам, деп / Ширин кыйал ой менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жатканда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →