шимши
- Тумшугу менен изди же жыт түшкөн башка нерсени жыттагылап издөө, тинтүү, жойлоо (мис, ит, машке).
- өт. Бирөөнү же бир нерсени артынан түшүп издөө, тинтүү (кишиге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы, / Ачык жолум болдум, — деп, / Бачымыраак жетем, — деп, / Аттын изин кубалап, / Каргага кардып жардырбай, / Кузгунга көзүн ойдурбай, / Сагызганга чукутпай, / Шимшитип түлкү жойлотпой, / Салпылдатып, кажырды, / Аны учуруп ойнотпой, / Табам, — деген ой менен, - / Таап алсам Асылды, / Көкала атка артпасам, / Майторуну жетелеп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…келип Көкчөгө, / Нөөкөр болгон бир малай” / Туңшасында турганда, / Журт сураган бир далай, / Саптап келип Көкчөгө, / Санаттуу жүргөн бир малай: / Элиңди таштап шимшилеп, / Эмине келдиң бок бардай?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачка койбой шимшитип, / Антип жүрүп чоң кылды, / Сен экөөңдү жетилтип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →