шимир

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Ичүү, тынбай тартып жиберүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ичпей Мажик калганы, / Төрт бурчунан сабаанын, / Түрө Манас кармады, / Дем албай ичип шимирди, / Түбүндө неме калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төшүнө төшү жабышып, / Сак киши болсо андайды, / Калмак болчу табышып, / Уйалгандан Куткарбас, / Кара тер басып карышып, / Тилин соруп шимирсе, / Төрт эличе узарып, / Ого бетер Куткарбас, / Уйалгандан кызарып, / Шумурай кыз ошондо, / Таңдайын так-так тамшанып, / Кеп баштады какшанып: / — Ысыган бойду … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Карды тойбой кара жер, / Шимирип соруп бул жатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жазга жуук чуңкурдагы сары сууну талашкан уйдай жабыла баш салып көзүбүз алайып, өлгөнчө шимирип жатабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →