шими
- Бир нерсенин суюк маңызын, майын соруу.
- Аябай катуу соруп өбүү, катуу өбүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дагы үч жыл күйөйүн, / Этегиңе эрмешип, / Эрдиңен шимип жүрөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тиктесе көзү алайып, / Ээрдин шимип жаланып, / Караса көзү алайып, / Жыланча эрдин жаланып, / Ачылып көзү жумулуп, / Туулгасында кыргак жок, / Чочкодон бетер мулуйуп, / Кылычын ууга сугарган, / Каарданып чапканда, / Кутулбаган эч бир жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →