шилте

китептерде 130 жолу, 9 китепте
  1. Басуу, уруу, чабуу, бир нерсени ыргытуу көрсөтүү, же ары-бери кыймылдатуу үчүн бутту, колду, колундагы куралды сермөө.
  2. өт. Жумшоо, буюруу, тукуруу.
  3. өт. Жазуу, тез аранын ичинде бир нерсени жаза коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Сегиз хан эли кырылбай, / Тирүү кантип кетет, деп, / Карасурду тепкилеп, / «Такырбашты» куткарбай, / Чабайын деп кескилеп, / Каары катуу хан Калдык, / Кылычты шилтеп ийгенде, / Такыр баш болгон Айчүрөк, / Четке чыга бергенде, / Калдык чапкан ар кескен, / Бекбача түшкөн көп тордун, / Түйүнүнө тийгенде, / Чириген бөздөй баары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…дө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…рге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тура калды айактап, / Шилтесе колу ирмелбей, / Эки колу шалактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип, чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →