шили

китептерде 54 жолу, 8 китепте
  1. Кежиге, желке тарамышы.
  2. өт. Бир нерсенин арты, өйдөңкү, үстү жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Этин шилип салышты, / Чынар кескен немедей, / Эки баатыр тең туруп, / Дембелешип балта уруп, / Башын кесип алышты, / Ошол кезде Алмамбет, / Дагы айтып калышы: / — Башын байлап алгын, — деп, / Дөбөдөгү төрөгө, / Көрсөтүп ала баргын — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүп Коңур бар жайын, / “Жандап өтө берсем — деп, / Алдымдагы Алгара, / Кайра айланып келгенде, / Айры шили, кара куш, / Айбалта менен нетсем — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Шили өтө талуу жер, / Араңдан зорго көтөрдү, / Калыңдыктан кара жер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ошондо Бала Курман жолоочуну шилиден ары келтирип туруп, эки тепти да, чалкасынан салды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →