шилекей

китептерде 17 жолу, 8 китепте
  1. Адамдын, жаныбарлардын оозундагы бездер иштеп чыгаруучу, жеген тамакты нымдаштырып туруучу илээшме суюктук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кара жүз, / Сакалы жок кеженей, / Чолок ээк неме экен, / Суу итиндей дултулдап, / Найзасын алып тап берип, / Качырып кирди жултуңдап, / Эки ууртунан куйулуп, / Шилекейи буртулдап, / Бастек бойлуу неме экен, / Жер кодолдой култулдап, / Мурду көөп барпайып, / Тай букадай чандайып, / Жаалысы чыгып жүзүнө, / Жан алчудай каарданып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ылкы айдамак канчасы, / Четинден алган укурук, / Кыргызды чаап алгандай, / Кынына баптай кутуруп, / Калдуубет биздин баатыр, деп, / Катышкан өлүп жатыр, деп, / Шилекейи чубуруп, / Ач көз маңгыт элин көр, / Сары суу ооздон куйулуп, / Алдасташып келатыр, / Ач бөрүдөй жутунуп, / Чапаны жок жупуну, / Жылаңач келген нечени, / Кыргы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал ордунан турбай жатып, оболу жаагына куюлуп калган шилекейин алаканы менен жанып алып, «Бул жерге кайдан жүрүп келгенбиз» деп таң калган немедей, чылпактуу көзү менен алактап эки жагына карады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →