шибер
- Жайкалып, жыш болуп өскөн калың чөп.
- Учундагы бүрү тарам-тарам болуп кеткен кичинекей ичке сабактуу чөп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк шибер куурап бараткан, / Каптап кетти Таласты, / Көп уй келип бир жактан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шиберге келсе жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине м…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн кыйшайып, / Эңкейип бара жатканда, / Заркарлуу баатыр чоң неме, / Салкын сууга барыптыр, / Салып бойун алыптыр, / Кайра чыгып шиберге, / Чалкалап жатып калыптыр, / Ажал жетти, күн бүттү, / Мейримдүү үйку жетти эми, / Мемиреп сүйкүм жагымдуу, / Мелтиреп уктап кетти эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Көк шибер чөп...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →