шибеге
- Тешүү, тешик чыгаруу үчүн колдонулуучу металлдан учтуу кылып жасалган аспап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп / Алып келген Малдыбай, / Баш кишиси Деркембай, / Алып келген коргондон, / Беш миң киши бүт калбай, / Ат койушуп дүбүрөп, / Аралашып шибеге, / Кыргыз кирди күжүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тетеги менен Сотолу, / Бендеден белдүү уул эле, / Анжу менен Шибеге, / Арка болгон туу эле, / Өлүп кетип бул жерде, / Анжу, Шибе аскерин, / Кырып койду бир демде, / Жардамга барып койбодук, / Карап туруп бир бенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаш жыгачтуу алманын, / Кабыгынан жыйдырып, / Кырчындуунун кырк чачтуу, / Тал бүчүрүн сыдыртып, / Кермегин жакшы кандырып, / Тандап жүрүп абдан, / Буласын алдым талынан, / Ак болотту эгетип, / Арасына ширетип, / Албарс учтуу шибеге, / Ак болот ийне биздерде, / Айланасын кабууга, / Араң жетти бир күнгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катындар мурдун чүйрүшүп, / Кыңырак алып кемпирлер, / Эшикке чыга жүгүрүп, / Саксалаңдап абышка, / Шибегеси колунда, / Кескилеп кетмек бир демде, / Тим койсо элдин ойуна, / Алып барып байлады, / Байагы темир кадаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →