шерменде
- Маскаралангандык, уялуу, көпчүлүккө тике карай албай, баш көтөрө албай калуу абалы.
- Уятсыз, абийири жок, бузулган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отор кетип келген жок, / Айтканың танган сөзүнөн, / Отор өңдүү шерменде, / Каңгай эмес калган журт, / Кара баштуу элде жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Абийиримди кетирдиң, / Аз келгенсип меники, / Алганым элең шерменде, / Арбыптыр куртуң сеники!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Найза илип Семетей, / Мадыканды көтөрсө, / Басалбай турсам майышып, / Шерменде айбан мен болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Суйук айак шерменде, / Сур жыландай сойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →