шерине

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Улам бири кезектешип тамак берүү (көбүнчө кой союу) үчүн уюшулган топ, он чакты кишиден турган өз ара жыйын; ушундай жыйындын тамагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Байге бөлүп кунан чаап, / Көкбөрү тартып уландар, / Өз көөнүнчө жүргөн эл, / Кыштын күнү жоро ичип, / Жайдын күнү шерине жеп, / Кырк-отуздан малдарды, / Зыйанга жыкса мейли, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лго чыкты ойондор, / Эртең менен эртелеп, / Таласка келип жай алып, / Жамбашына май алып, / Бекер жатып зеригип, / Күндө ордо атышып, / Көк бөрүсүн тартышып, / Шерине жешип, тай сойуп, / Сүт бото, тайлак - төө сойуп, / Түйшүгү жок тынч болуп, / Баары жатып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тай сойуп күндө шерине жеп, / Көк бөрү тартып ат тердеп, / Бирине бири жол бербей, / Сенден артык менмин, деп, / Көпкөн балдар көп эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →