шердик

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Эрдик, эр жүрөктүүлүк, кайраттуулук, баатырдык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…м билген арыпты, / Ачык билет эр Асыл, / Эрегишкен душманга, / Эрдиги бар баатырдын, / Жүйөлөшсө сөз айтып, / Теңдиги бар баатырдын, / Качыргандан кайтпаган, / Шердиги бар баатырдын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаш айдары кара көк, / Шердигин эми билгизди, / Айбалта менен бирди чаап, / Бирин жерге киргизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ээ кайип, / Маңдай-тескей турушту, / Ошол кезде Саламат, / Акактап солуп дем алып, / Ошол кезде Саламат, / Гүлүскө турду кеп салып: / — Шер Сейитек тың экен, / Шердиги анын чын экен, / Семетейден артыла, / Туулуп калган уул экен, / Ак калпак кыргыз алашка, / Азыркы күнгө муун экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шердигине кол койдум, / Эрдигине жол койдум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Абаке, сенин эрдигиң, / Адамдан кыйын шердигиң, / Асли жакшы болбойт ко, / Колуңдан кетет теңдигиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →