шерден
- Кайраттануу, баатырлык кылуу, күчөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асыл шерден кеп угуп, / Бешөө кетти чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкөл шерден кеп баштап, / Алып келип айагын, / Тобукеге түз аштап, / Мына мындай кат жазып, / Алты киши атказат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…асторконун жыйганда: / — Кана, баатыр Ажыбай, / Саргарып өңүң самандай, / Алмадай жүздөн нур кетип, / Жадаңкы көзгө турасың, / Чаалыгып өзүң калгандай, / Айкөл шерден кат барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Сыргактын сыр найза, / Шерден белек бул найза, / Телкүрөңдү чуратып, / Аркадан чаңын чубалтып, / Булуттуу көктүн алдынан, / Муундуу чөптүн үстүнөн, / Ур дедирбей жеткени, / Табарсыктын башы, деп, / Таамай муштап өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ушул кумдун четинде, / Аскерин таштап бир жерге, / Жетимиш балбан ээрчитип, / Келген экен бул жерге, / Жолборс алып сексенче, / Шерден кармап бир жүзчө, / Төө куштан атып кокойтуп, / Келайткан экен кечинде, / Дигерде жакын мезгилде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →