шектен
- Шек алуу, күнөм саноо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түзүк киши эмес деп, / Кантсе ушу Каракөз, / Ачык сырын билем деп, / Аттуу туруп эшиктен, / Каракөздү чакыр деп, / Карап турду Калдык хан, / Шектенип калган Каракөз, / Жетип келип ар жактан: / — Жети хандын чатырга, / барып келдим Калдык хан, / Күмөн кылган барбы деп, / Сиздин кылган жарлыктан, / Караңгыда к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атырдай жыты буруксуп, / Адамды алдайт шум дүйнө, / Алтын алып, мал алып, / Ажалга калды бул күндө, / Жалгандыгын билгизбей, / Шектендирди бул күндө, / Биз баашабыз деп келген, / Коргондон башка шаары жок, / Коркот деп бизден кыргыздар, / Жалгандыгы дүйнөнүн, / Жалдыратат ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бешкулактан шектенип, / Каздырган орум бул эле, / Бешкулактын алдында, / Жүз балбан бар дечү эле, / Азгаштырып Коңурбай, / Алып келди бул жерге......
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эри өлгөн жесир катындай, / Албуттанып дакдаңдап, / Эки көзү чакчакдап, / Жазганып калар неме эмес, / Үрүстөм Дастан келсе да, / Кайра тартар кептенбейт, / Нак кутурган ит экен, / Өлүм жактан шектенбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →