шексиз

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Шек саноого, күнөмдөр болууга негиз жок болгон аныктыкты, тактыкты билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Куйулма деген бар экен, / Көтөрүп Мажик алып барып, / Түргөн чий койуп кумду эшти, / Чийди тартып алганда, / Жылма тепсеп кум тепти, / Эртең менен кой жайып, / Шексиз кылып тепсетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шексиз кылып койууга, / Кылаарын билип кулдардын, / Семетейди катуу үчүн, / Ор казган болуп турганы, / Каныкейдин даанасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— / Деп, ошентип кат жазып, / Ишентип шексиз бат жазып, / Ичине кепти көп жазып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ага чыксам далдаңдап, / Караанымды көрөр, деп, / Каалаган жерге жеткизбей, / Канымды менин төгөр, деп, / Кыйрынан бузбай ээн жерде, / Кыр аркамды сөгөр, деп, / Шексиз качып аркага, / Күн батыш көздөй жөнөйүм — деп, / Көөрүктү бойлоп оң тартып, / Каңгайга кетсем белем” – деп, / Арамдык ойлоп кара ниет, / Аркага качып алыптыр,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →