шекилдүү
- Окшош, сыяктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Дагы бирөөн караса, / Келген аскер андан көп, / Сайдын куму шекилдүү, / Сандалып келе жатыптыр, / Асты чыгып белеске, / Ашкалы келе жатыптыр, / Чогулуп келип бир болгон, / Жылкы саноо колоттон, / Жол талашып жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көзүн ачып алайды, / Төрт тарабын карады, / Үйдө жаткан шекилдүү, / Кай кеткенин биле албай, / Дагы кайта кубарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ылганда, / Айчүрөк айтат ушунда: / — “Пайгамбар кошкон дос болот, / Кудай кошкон куда” деп, / Калк ичинде макал кеп, / Сен экөөбүз дос элек, / Пайгамбар кошкон шекилдүү, / Эби, келсе Куйалы, / Эне-бала бололу, / Семетей деп айтканга, / Өзүмдүн эбим келбеди, / Элүү ашкан Семетей, / Сен бир түлөк балапан, / Гүлчоро деп айтарга, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күүлөнүп келген алыстан, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Жан айабай найзалап, / Ач карышкыр шекилдүү, / Жан ачышьп кайсаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
деп, / Аргымагы кишинеп, / Жетип келди аркырап, / Эки тайган кыңшылап, / Аргымакты карасаң, / Эриндери шалпылдап, / Сүйлөшүп жаткан шекилдүү, / Асманды-жерди карашат: / “Балапанын учуруп, / Алып кетти канаттуу”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →