шеки

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Билип калабы деп тынчсыздануу, күйпөлөктөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күн күбүрөп тынч албай, / Түн дүбүрөп уктабай, / Убадасын бекитип, / Бирин бири жекишип, / Жөнөкөй жүргөн элдерди, / Койгону жок шекитип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдындагы Көкүмдөн, / Кийинки келген Эшимден, / Күмөн кылып шекиген, / Чоң жолго кирбей саз менен, / Өгүздөн бирди минчүдөй, / Уйдан айдап экини, / Күүгүм-шамга аралаш, / Сыр коргонго кирчүдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойлоп болуп кара нээт, / ( Андан кетпейт жаман нээт), / Тапан хандын жан жерин, / Жансыз кылып бекитет, / Эгер андай кылбаса, / Тапан ханды шекитет, / Түбүндө кандай кыздыр, деп / Куткарбасты шекшинтет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жазылыгы баатанын, / Кере кулач төш жары, / Калыңдыгы балтанын, / Апыртпайын төш жары, / Сырты тектир секидей, / Кимдер чыдайт баатага, / Баш калкалап бекибей, / Тиктеп турат Сейитим, / Эчтемеден шекибей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →