шекер

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Кант (көбүнчө майдасы), кумшекер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ал Каныкей турбады, / Шекер кошуп сүт берип, / Улам-улам бат берип, / Жаранын оозун жуудуруп, / Дакиден койуп буудуруп, / Сак жагы менен жаткырып, / Жарага дары жаптырып, / Көк жору өтүн … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ыкканда кант берип, / Капакка салып бал берип, / Каймакка бышкан нан берип, / Кандыра кара чай берип, / Казы кертип, жал берип, / Канча түрлүү аш берип, / Алма шекер-бал берип, / Бар тамагын жай берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тар келбеди ордосу, / Коноктон ашкан шекер бал, / Тамакты тартып койушту, / Алдырып келип кымыздан, / Арактан кошо куйушту, / Жаш уландар сунушту, / Элине айтты Сомбилек, / Баланын атын койушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →