шейшеп

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Жууркандын ичине көктөлүүчү же кийгизилүүчү жатканда астыга салынуучу жука ак кездеме.
  2. Табарсык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтып жоого тийерге, / Атамдын атын укканда, / Сен кептенген неменин, / Шейшеби бекип чыга албайт, / Эркинче басып сийгенге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыдай албай Жаманбай, / Кубулкеге аштады, / Ойрон болгон Кубулке, / Бар тамыры сыздады, / Шейшеби канга чыкталды, / Мына ушинтип алардын, / Бүтүп калды бар иши, / Каадасы ошол катындын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кийин алган кыз катын, / Өзүм турган жеримде, / Айылымдан чыккан өз катын, / Кештелүү жууркан, ак шейшеп, / Төрөр күнүм болорбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →