шейит2
- Күбө, танык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулдуктун оозу ачтырды, / Шейит булак ат койуп, / Ташка ойдуруп жаздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…рды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Манас досуңа теңелип, / “Кайыр коштоп” болбойсуң, / Миң өлүк жолборс бириксе, / Мышыкчалык алы жок, / Миң шейиттин арбагы, / Бир тирүүчө баркы жок, / Миң күнү көргөн бейиштин, / Бир күнчөлүк наркы жок, / Кайраты жок жигиттин, / Камчычалык дайны жок, / Күнөөлөшүң дуруспу, / Кем учурайт айбы жок?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак-эки шер, / Кайним Сыргак кеменгер, / Жездем баатыр эр Көкчө, / Тилдүүдөн чечен Ажыбай, / Шейит кеткен арстандар, / Бүгүн мага жардам бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шейит деп атын аташты, / Жаназа намаз кепинсиз, / Жарма көргө жайлашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →