шаңшы

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Ачык, дабыштуу үн салуу (бүркүткө карата).
  2. өт. Уккулуктуу шаңкылдаган кооз үн менен ырдоо, шаңкылдап сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шаңшыбай бүркүт эшикте, / Ыйлабай бала бешикте, / Магдырап эмчек эмбеди, / Энекеси эмизсе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кабарга келген Агийин, / Коргондун конду кырына, / Таманы жерге тийгенде, / Ашыккансып уккун деп, / Шаңшып ийди чынында, / Агийиндин келгенин, / Сейтек көрүп алдында: / Ак жолтой тууган абакем, / Эмне үчүн бүркүтүн, / Агытып ийди экен, деп, / Агийинди абакем, / Агыт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Түшүмдө кыйын иш көрдүм, / Шаңшыбас күндө Акшумкар, / Бүгүн шаңшып жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кырчактын кыраан барчыны, / Шаңшыгандай Гүлчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ак чачтуу кемпир каргаса, / Ак калпак кыргыз элим — деп, / Ак шумкар шаңшып үн салса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →