шаңкылда
- Ачык, катуу күлүү, ырдоо, үнүн бийик чыгарып сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атылып мылтык тарсылдап, / Урулуп доолбас карсылдап, / Жез барабан кагылып, / Жердин бети шаңкылдап, / Чымыроондой чыңырып, / Сурнайдын үнү заңкылдап, / Аргымак аттар алкылдап, / Белде кылыч жаркылдап, / Айбалта жанда шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Маңгы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…шилтесе, / Коңгуросу чалынып, / Доолбасы кагылып, / Атышып жаткан немедей, / Мылтыктын үнү жаңырып, / Тоо кабышып жаңырык, / Иттер үрүп ажылдап, / Чөөлөр күлүп шаңкылдап, / Көрүнүп көзгө элеси, / Буура келет шалкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүйүнүптүр барлык эл, / Сурнайдай үнү шаңкылдап, / Султан Манас баатырды, / Баштыгына шайлаган, / Ал иштин кылып адатын, / Атасы Мамай санатын, / Ак кийизден жайышып, / Ал кийиздин үстүнө, / Арстан Манас баа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгиликти чуулатып, / Керней менен сурнайды, / Аралаша койду эле, / Кернейдин үнү бапылдап, / Сурнайдын үнү шанкылдап: / “Жүздөн киши ээрчитип, / Жети хан жетип келгин” — деп, / Айтылып чыкты тапатак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркардай көзү жоодурап, / Жез коомуздай шаңкылдап, / Мас болгондой шалкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →