шаңкай
- Ачык, даана, бийик болуп көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шаңкай, Бараң дегенге, / Он төрт киши чаптырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Шаңкайлыктын мал-пулун, / Бузбай-чачпай алдыма, / Айдап келгин Дабытай, / Бир беттешип көрүшүп, / Кайтып кеткин Дабытай, / Бузулбастык убадаң, / Айтып кеткин Дабытай, / Бек…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Капташкан жерге чуу салды, / Башына балаа түн салды, / Калың элди талкалап, / Кайгы менен ый салды, / Бадыкөл деген бадырек, / Күкүрттөй күйүп күч алды, / Бараң менен Шаңкайды, / Тажик менен калчаны, / Түркмөндүктү багынтып, / Кара көзүн жайнатты, / Карманап деген баш болуп, / Кара калпак эл калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карманап бойу бир дөбө, / Иниси бар Карадөө, / Теңдешип көрүп ал келбей, / Семетейге чаптырды, / Семетей барып Таластан, / Бадыкүлдү кулатып, / Карманап тургай ар жаккы, / Кулданып эки уруу, - / Бараң менен Шаңкайды, / Аларды кошуп куткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чайчүй, Букар, Шаңкайды, / Сага жөлөк далайды, / Кетирем шайын аларды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →