шаңк
- Ачык, катуу күлгөндө чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара ташка далк этип, / Катуу тийди даңк этип, / Сынып кетти бир буту, / Кашка жилик шаңк этип, / Секирип кобо калам деп, / Жыгылып кетти жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кар жиликтен кан агып, / Балтасы түшүп шаңк этип, / Өлбөгөн тирүү жан калып, / Кайра кирсе Кененим, / Өлөмүн деп саргарып, / Качмакчы болду кар нээт, / Эбин тапса жанды алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…а жан, - / Деп айкөл Манас айтканда, / Жеткенсип башы асманга, / Каарлуу Алмаң жарк этип, / Күн тийгендей балк этип, / Кылгыртып жашын кирпиктен, / Күлө сүйлөп шанк этип, / Сараланын үстүнөн, / Ыргып түштү талп этип: / — Куйу менен Чубактын, / Куйундаган чунактын, / Жемеңизге калдың, — деп, / Жеңил баа болуп алдым, — деп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн жаркырап, жер бети, / Жалган түш болгон кездерде, / Тоо жарылып шаңк этип, / Чубап кыздар жөнөдү, / Шоолаланып жарк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетейдин үйүнө, / Кирип келди шаңк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →