шаңдуу

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Шаттуу, шаңданган, шаңга бөлөнгөн, салтанаттуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салмоор урчуу камдуулар, / Бойу узун шаңдуулар, / Азоого чалма урчуулар, / Куш кармоочу торчулар, / Дайар болгун барыңар, / Баарың амал кылыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сокуру бар, бучук бар, / Шаңдуусу бар, кодоо бар, / Картаңы бар, жашы бар, / Чыйрагы бар, бошу бар, / Ажал чиркин туш келсе, / Жакшы-жаман ылганбай, / Кыйылып башы баратат, / Бардыгы окшош куурайдай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жакын кирип келгенде, / Арууке карап жалт этип, / Алтындан күбөк көөхар көз, / Кулагында жарк этип, / Күлө сүйлөп тамылжып, / Жез комуздай шаңк этип: / — Өзүң шаңдуу адамдан, / Атың жалдуу айбандан, / Чоочун жигит экенсиң, / Келген жансың кайактан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жүз элүү миң киши эле, / Кечээки болгон урушта, / Он тогуз миң өлүптүр, / Кыйрагыс орго чөгүптүр, / Бош тамырдай жулунуп, / Таз чачындай суйулуп, / Калгандары мына ушул, / Тирүүсү келди чогулуп, / Шапырак деген бар эле, / Шаңдуунун бири ал эле, / Ары баатыр, ары хан, / Өкүм эле баарыдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Шаңдуу, сүрдүү аскерлер биздин эки үйдүн жанындагы жол менен жогору карай тынбай дабырттап өтүп сайга кирип жоголуп жатты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →