шаңдан
- Шаңга бөлөнүү, шаңдуу болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ай күркүрөп, / Көргөндүн бойу дүркүрөп, / Орто-карта баатырдын, / Сийдиги чыгып бүркүрөп, / Касаба тоодой жарданып, / Албарстан найза карманып, / Качырып кирди шаңданып, / Манжу Бодоң, Бекбача, / Эрегишип кездешип, / Өлөр жерин чиктешип, / Өчүгүшүп көгөрүп, / Өткүр найза өңөрүп, / Качпай туруп сайышып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көк түпөк найза карманып, / Көргөн бенде таңданып, / Көрктөнүп калмак шаңданып, / Карап турат Кара көк, / Канчалык киши калмак деп, / Катын баасы арбак, деп, / Калмактан найза жеткенде, / Учу келип олпокко, / Тийе турган кездерде, / Кол б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шаңданып найза карманып, / Шашылбай чоро камданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →