шаңгыра
- Шаңгыр-шаңгыр эткен дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жөнөдү, / Урмат кылып баарысы, / Ордонун чоңу төрөнү, / Найзалары сороктоп, / Жөнөп берди короктуп, / Кылычтары жалтылдап, / Бара жатат шалкылдап, / Балталары шаңгырап, / Баары калбай алдырап, / Чокморлуулар чогулуп, / Колтуктары чойулуп, / Боз топурак чаң болду, / Жердин бети сойулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керней-сурнай чуулдап, / Коңгуроосу шаңгырап, / Мунун тилин ким билет, / Өзүнчө сүйлөйт балдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Куткарбастын колунан, / Кылыч түштү шаңгырап, / Жалпагынан жатканы, / Кумга түшүп жалтырап, / Чыканакка балта жеп, / Каржиликтен найза жеп, / Тай торпоктой булчуң эт, / Жерди карай салаңдап, / Айласын тап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алтайдын айак жагында, / Күнөстүү күңгөй бетинде, / Андан кала бергенде, / Чоң Кеңколдун ичинде, / Калдыркан ала жалбырак, / Ат туйагы тийгенде, / Жез дообулбастай шаңгырап, / Уну катуу угулат, / Ошол чөптөн үн чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кылыч кында кыңгырап, / Найза колдо шыңгырап, / Ай балта белде шаңгырап, / Кызыл мистен доолбас, / Чымын тийсе заңгырап, / Кош чаңырык үн чыгат, / Боздогон төөдөй каңгырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →