шашыр
- диал. Чачысы топ болуп калдайып өсүп, өзөгү узун чыгып, сүйрү жазы тарам-тарам жалбырак алып, түбүнөн үчтөнтөрттөн сап чачыратып, майланышкан жабышкак зат бөлүп, ачуу жыт берип, көбүнчө кой, эчки жеп, түбү кызгылтым келген өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уккан кебин шашырбай, / Кеңеш кебин калтырбай, / Баарын айты Талпак бай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жеткен жерде шашырбай, / Как ушундай кеп деди: / — Оозуңду бас кеп кылбай, / Ордо баккан элдерди, / Сен байкагын туйдурбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Адими асыл Чүрөктүн, / Сыйнатын көрдүм мен бүгүн, / Ак нике кыйып алсам деп, / Көңүлүмдө жүргөнүм, / Билбедим мурун немемдин, / Айтпай жүргөн шашырын, / Деп Семетей айтканда, / Айчүрөк туруп ойлонуп, / Акылымда толгонуп, / Кыз Чүрөк туруп ойлонуп, / Кыйалында толгонуп, / Жоготкон жогу шумкары, / Жоого минген тулпары.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →