шашылыш

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Шашууну, ашыгууну талап кылган, тез бүтүрүүгө ашыгып, шашып иштөөгө туура келген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перилер жетти, ашыгыш, / Алда эмне болду деп, / Турган экен шашылыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Баш кишибиз Орунбай, / Менин айтар кебим бар, / Үйдө олтурсам жайма-жай, / Көкүм келди бакырып, / Эшим деп мени чакырып, / Үнүн улап тыңшасам, / Өтө жаман шашылыш, / Мен да чыктым ашыгып, / Көрө салып мага айтты, / Суусамырдын сыртынан, / Суук салкын из көрдүм, / Которуп кийди киймин, дейт, / Такасыз минди атын, дейт, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
тартып жетилткен, / Кызыл арак да берип, / Карын-курсак тойгондо, / Дасторконду жыйганда: / — Кана балам Ажыбай, / Өңүң сары бөлүнүп, / Аттан жароо көрүнүп, / Шашылышта жүрүпсүң, / Алыскы жолдон келипсиң, / Кабыландан кабар барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ — Кебиң барбы, көкжал шер, / Келтирдиң мында шашылыш, / Кеңешиңди айтып бер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Эми шашылыш жок,— деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →