шашмала
- Шаштыруу, бат болтуруу, тездетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Семетей айтканда, / Шашмалап Чынгыш муну айтат: / — Арстандын уулу Семетей, / Чыныкенин калыңын, / Чыдап таап бере албай, / Жүрүүчү эле Суумерген, / Жадатып кызын алам, деп, / Киши сойуп эт жеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдына минген Көктеке, / Кара терге чыланып, / Келип элдер сурашып, / Көргөнүн айтып Тазбаймат, / «Бастыралы Каныш», — деп, / Шашмалап турат ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайран Көкүл шашмалап, / Сары атты кирди камчылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжолдуу күнү Айчүрөк, / Кыйазга карап эркелеп, / Шашмалап калды эртелеп: / — Ханым, Кыйаз, кебим ук, / Колуктум алып келем деп, / Уулуң кетти удургуп, / Көчүмдө тосуп баргын деп, / Айтып кетти бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →