шашкелик

китептерде 2 жолу
  1. Аралык өлчөмү, эртең мененден күн көтөрүлгөнчө шашке болгонго чейин атчан адам жүрө турган жол.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– деп, / Эртеңге дейре ал жинди, / Эсине келип калар, — деп, / Эңгиреп мендей жаш төгөөр, / Эркечтен укса кабар”, — деп, / Шашкелик жерге урулуп, / Жаңгактуу жерге урунуп, / Аркайган жондур – туу белде, / Атын түшүп откозуп, / Тумандуу күндөй бузулуп, / Шалбырт кардай сызылып, / Алакең жатт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Алмамбет баатырың, / Шашкелик жолго бурулуп, / Жаңгактуу жерге урунуп, / Жер ортосу туу белде, / Ат откозуп бир жерге, / Кайгысы кумдай эшилип, / Кайрылып көзү тешилип, / Барганча чөгүп тереңге, / Улутунуп эчкирип, / Самандай өңү кубарып, / Сакалдан ылдый жаш агып, / Олтурган кези муңайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →