шашкалакта
- Карбаластап шаша берүү, чыдамсыздануу, сабырсыздануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…и атказып, / Үч жылда Талас жеринен, / Табышалы деп жазып, / Желденип калды Каракөз, / Көп уктабай аз уктап, / Өзүнчө күлүп шаңданып, / Эрте туруп кеч жатып, / Шашкалактап калдастап, / Токтобой жүрөк алдастап, / Кол чогултуп калдактап, / Төшүн жайып далактап, / Каракөз жолго салыптыр, / Каракөздүн катынан, / Кабар алган алты хан,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арага киши келгенде, / Үч күндүк мөөнөт дегенде, / Сейит жооп бергинче, / Шашкалактап эр Тапак, / Мына мындай деп айтат: / — Тапан хандын бул сөзү, / Бизге койгон чоң талап, / Үч күнгөчө Тапан хан, / Куткарбаска жалбарат, / Тапан хандын көй тилг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Куткарбас менен Тапан хан, / Үн чыгарбай кулжуйуп, / Нөөмөт мага тийди, деп / Куунайза чыкты жулунуп, / Шашкалактап жөнөдү, / Башын кесип келем, деп / Сейитимге жолугуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →