шаш

китептерде 402 жолу, 10 китепте
  1. Шашылыш ишке карата ашыга аракет кылуу, ашыгуу, чыдамсыздануу.
  2. Апкаарып, эмне кыларын билбей шашкалактап калуу; оңтойсуздана түшүү, шаштысы кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажалың айдап жан шашып, / Кыргызга Таңгыт не тийдиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таластагы урушта, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атбашыдан аттанып, / Мазейил белин ашыптыр, / Музой Калча жетем деп, / Эң эле жаман шашыптыр, / Калың Калча кеп угуп, / Жалгызек келди деп угуп: / — Музой Калча, оңбой кал, / Байлап бербей бүркүттү, / Убара кылып баатырды, / Мунуң жакшы иш эмес, / Колк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ары жактан камырабай келсем да бул жерде шашып калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →